super.kg logo

Дүйнө Кубогунда коло медалга ээ болгон Руслан Царевдин бир тууган байкеси акча талап кылуу фактысы менен кармалды

 

ИИМдин ыкчам кызматкерлери менен УКМК Бишкектин жашоочусунан 380 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын декабрь айында өңү-түсү азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам БМВ-535 үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга келишкен. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.

"Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, сабап, коркутуп, 380миң сом акча каражатын талап кылган. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу физикалык күч колдонобуз деген коркутууларын уланткан.

Аталган факты сотко чейинки өндүрүшкө катталып, ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында атайын операция уюштурулган. Шектүүлөр 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда кармалган. Алар Түп районунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу тургуну жана Казакстан Республикасынын 1991-жылы туулган Ц.Р. аттуу тургуну болушкан. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мындан аркы териштирүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Шектелип кармалгандардын бири Роман Царев Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда коло байгеге ээ болгоне Руслан Царевдун бир тууган байкеси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.12.2020. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушул.
23.12.2020. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир тууганынын кадыр-баркына чычыптыр да.
23.12.2020. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуууй. Үкөсүн уят кылыптыр да. Акеси ушундай болсо үкөсү деле.....
23.12.2020. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., тобоо кандай адамсынар иниси жакшынакай эле кыргыздын намысы учун курошотко.
Бироонун намысына шек келтирбесенер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: