super.kg logo

Аскер прокуратурасы келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды

 

Аскер прокуратурасы келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштеринин тергөөсү солгундап, жыйынтык чыкпай жаткандыгы туурасында маалыматтар тарады.

"2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян ордуна келтирилген.

Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: