Бишкекте жаранды коркутуп акчасын карактап кеткенге шектүүлөр кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматы карактоого шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү саат 21:35 чамасында 102 кызматына Маликов көчөсүндө эркек кишини тоноп кеткени боюнча маалымат келип түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу аталган жерге барганда 26 жаштагы Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда аны коркутуу жолу менен акчасын алып андан ары качып кеткендери жазылган. Териштирүү иштеринде шектүү катары 43 жана 41 жаштагы шектүүлөр кармалган. Алар Свердлов РИИБине өткөрүлүп, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.