Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери митингге чыгышты
Бүгүн, 23-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин имаратынын алдына кызматкерлер митингге чыгышты. Алар эмгек акыларын төлөп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу видеотасмалар социалдык тармактарга жарыяланды.
Митингге чыккандардын айтымында, алар бир нече айдан бери эмгек акыларын толук ала элек.
"Бизге 2019-жылдан бери эле айлыгыбыз күттүрүп, убагында берилбейт. Биз да үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Жетекчилик биздин оозду жабуу үчүн 2 миңге жетпеген айлык акыбызды берип, калганын күткүлө деп убагында беришпейт" - деп билдиришти нааразы болгондор.
Ал эми аталган мекеменин админстрациясынан атайын өкүл чыгып, митингге чыккандардын суроосуна жооп берди.
Видеодо ал "Бул маселе эртең чечилет. Жаңы жылдан кийин айлык акы толугу менен убагында төлөнүп турат" деп айтып жаткандарын угууга болот.

