super.kg logo

"Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жыйынтыгы чыкты. Кайсы айылдар мыкты болду? (тизме)

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтү жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан
"Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүсү деп тандалып, вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тарабынан бир жарым миллион сом байге менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сыйлык тапшыруу учурунда Равшанбек Сабиров аймактарды өнүктүрүү министрлер кабинетинин приоритеттүү багыттарынын бири экендигин белгиледи.

"Айыл өкмөтүнүн бул ийгиликке жетүүдө аймакка тартылган инвестициянын көлөмүнүн жогору болушу. Ал аркылуу бир нече социалдык объекттердин курулушу негизги критерийлерден болду.
Айыл өкмөтү боюнча жаңы маданият үйү, спорт комплекси, жаңы ФАП курулуп, пайдаланууга берилген. Үч заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле таза суу резерви курулуп, пайдаланууга берилип, жаңы линиялар тартылган. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдар тарабынан ветеринардык клиниканын курулушу башталып, 4 километр жолго асфальт төшөлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулган. Медициналык мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер аткарылып, жаңы ИВЛ, портативдик УЗИ, ЭКГ аппараттары, "Тез жардам" унаа алуу боюнча долбоор ишке ашырылган", - деп билдирди Биринчи Май айыл өкмөтү Мухтар Шербаев.

Жыл сайын өткөрүлүүчү "Мыкты айыл өкмөтү" сынагынын быйылкы катышуучулары эки топко бөлүнүштү.
Биринчи топто катардагы айылдык кеңештер, экинчи топто бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарында
жайгашкан айылдык кеңештер бар.

Биринчи топ:
1-орун - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтү (1 миллион 500 миң сом);
2-орун - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү (1 миллион сом);
3-орун - Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтү (500 миң сом).

Экинчи топ:

1-орун - Талас облусунун Кара-Буура айыл өкмөтү (1 миллион 500 миң сом);

2-орун - Баткен облуснун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл өкмөтү (1 миллион);

3-орун - Ош облусунун Араван районундагы Алла-Анаровский айыл өкмөтү (500 миң).










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.12.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: