super.kg logo

"8 айлык баласын көтөрүп кеткен". 7 балалуу кеминдик келин 18 күндөн бери дайынсыз болууда

 

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын 39 жаштагы тургуну Гүлзада Сапитова 8 айлык баласын алып, 5-декабрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин эжеси Салтанат Жунушова билдирди.

Анын айтымында, жоголгон келиндин кайын агасы Кемин райондук милицияга 12-декабрь күнү арыз менен кайрылган.

"Сиңдимдин кайын агасы Кемин райондук милициясына 12-декабрь күнү арыз жазыптыр. Биз дагы барып жазалы десек, болду бир эле арыз жетет дешти. Сүрөтүн бердик. Сурасак, "азырынча издеп жатабыз, дайын жок" деп билдиришти. Телефону башында иштеп жаткан кийин такыр эле өчүк. Жанына баласынын бир сыйра кийимин алып эле кетиптир", - деп билдирди эжеси Салтанат.

Ал эми дайынсыз болуп жаткан келинди үйдө 4 кызы күтүп жатат.

"5-декабрь күнү эч кимге эч нерсе айтпастан баласын көтөрүп алып эле чыгып кетиптир. Негизи сиңдимдин 7 баласы бар. Турмуш куруп өз алдынча жайланышып кеткендерден сырткары колунда 4 кызы бар. Учурда 4 баланы турмушка чыккан улуу кызы үйүнө алып кетти. Өзүм болсо Бишкекте турам. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп абалын сурап турчубуз. Күйөөсү былтыр каза болгон, ошол учурда сиңдимдин боюнда бар болчу", - дейт ал.

Эгерде жогорудагы сүрөттөгү келинди көргөн-билгендер болсо, төмөнкү байланыш номерлерге кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0706318162, 0707894780.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: