super.kg logo

Globus'тун жаңы жылдык каталогу: барактап чыгып өзүңүздү кубандыруучу каалаган товарды тандаңыз

 

Globus - арзан баалар дүкөндөр тармагы өздөрүнүн кардарларына атайын сунушту даярдады. Ал кандай сунуш десеңиз - товарлардын жаңы жылдык каталогу. Ыңгайлуу жана болуп көрбөгөндөй арзан!

Жаңы жылга болгону саналуу эле күндөр калды. Майрамдык күндөрдү чынында эле жаркын кыла турган - сүйүктүү таттууларды, жакшы белектерди, жаңы жылдык жасалгаларды айтор баарын сатып алууга кантип үлгүрсө болот?

Globus майрамга зарыл болгон буюмдардын баарын бир каталогго топтоо менен сиздин акчаңызды да, убактыңызды да үнөмдөөнү ойлоп чыкты.

Каталогго көп түрдүү таттуулар, сапаттуу алкоголь ичимдиктери жана чанда гана кездешчү чүйгүн азыктар камтылды. Каталогдон сиз демейде сатып алууга таппаган товарларды да таба аласыз, мисалы - плесень менен сыр, бугу же аюнун этинен карпаччо.

Globus дүкөндөр тармагынан кесиптештерге, досторго жана сүйүктүүңүзгө дагы белек тандоого болот. Анда жалаң эле азык-түлүктөр эмес, башка түрдүү буюмдар да бар. Мисалы шейшеп топтомун алгыңыз келеби, алыңыз, балаңызга жумшак оюнчук десеңиз ал дагы бар. Эч кандай маселе жок. Денеге жана чачка кам көрө турган каражаттар керек десеңиз, каталогду эле бир барактап чыгыңыз, сапаттуу, оюңуздагыдай продукцияларды таба аласыз.

Мындан тышкары, каталогго белгилүү өндүрүш компанияларынын чакан тиричилик буюмдары, идиштери жана ашканага керектүү көптөгөн буюмдары камтылды. Globus'тун каталогунун майрамдык кооздуктарга арналган баракчалары да сөз кылууга арзыйт. Анда түрдүү көлөмдөгү балатылар, ага тагыла турган оюнчуктар, мишура жана түрдүү түстүү гирляндалар бар.

Бул ажайып кооз товарлардын баары керектөөчүгө ыңгайлуу баада сунушталды. Ошол эле учурда каталогдо кошумча бонустар да бар. Андан сатып алууларды жүргүзүү менен сиз акчаңызды үнөмдөп гана тим болбостон, Жаңы жыл алдындагы утуштарга, түрдүү акциялардын катышуучусу болуп, кызыктуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ болосуз.

А каталогду кайдан алса болот? Анын басып чыгарылган версиясын Globus'тун бардык дүкөндөрүндө акысыз беришет. Мындан тышкары каталог менен дүкөндөр тармагынын бул сайтынан онлайн таанышса болот.

Globus'тун каталогу боюнча сатып алууларды азыртадан баштап 2021-жылдын 15-январына чейин жүргүзүңүз.

Эске алыңыз: каталогдо сунушталып жаткан товарлардын саны чектелүү. Алардын санын сиздер сатуучу-консультанттардан тактап алсаңыздар болот.

Сөз соңунда жаңы жылдык сатып алууларды жүргүзүү үчүн сөзсүз дүкөнгө баруу зарыл эместигин айтабыз. Globus'тун бардык товарларын үйдөн чыкпай туруп эле сатып алса болот. Бул каталогдогу товарларга дагы тиешелүү, үйдө отуруп эле каалаган товарды сатып алуу үчүн болгону globus-online.kg сайтына кириңиз жана сизге жеткирип берүүчү товарга буйрутма кылыңыз.

Globus'тун жаңы жылдык каталогун ачып, ассортименттер менен таанышып, алдыда боло турган майрамга карата өзүңүздү жана жакындарыңызды эркелетиңиз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: