super.kg logo

"Аруу дагы, аялуу да балдар". ЮНИСЕФ уюмунун "Жылдын сүрөтү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

ЮНИСЕФ уюму уюштурган "Жылдын сүрөтү" сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Бириккен улуттар уюмунун алдындагы эл аралык ЮНИСЕФ (балдар фонду) уюму жыл сайын "Жылдын сүрөтү" сынагын өткөрүп келет. Сынактын жыйынтыгы менен алдыңкы орунду алган фотографтар жана алардын эмгектери:

Бул жылы аталган сынакта грециялык фотограф Ангелос Цорцинистин сүрөтү биринчи орунга татыды. Анда Лесбос аралындагы "Мория" лагеринде чыккан өрттөн качып бара жаткан балдар тартылган.
Индиялык сүрөтчү Супратим Бхаттачаржинин эмгеги экинчи орунга ээ болду. Анын сүрөтүндө Индиядагы балдардын эмгегин колдонуу көйгөйү чагылдырылган.
3-орунга орусиялык Евгений Макаровдун эмгеги татыды. Ал Рио-де-Жанейронун фавелаларында (кароосуз калган аймак) жашаган балерина кыздардын сүрөтүн тарткан.
Сириялык жаран Алеппо шаарына жакын жайгашкан айылга каратэ мектебин ачкан. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, кыздар ден соолугу чың балдар менен чогуу машыга алышат. Фотограф Анас Альхарбутли.
Бангладеш. Фотограф Юсуф Сумондун эмгеги. Көчөдө калган балдар.
Орусиялык фотограф Елена Чернышева сүрөтүндө ненецтердин балдарын катаал шартта жашап жаткандыгын байкоого алган.
Фотограф Даниэле Вита Италиянын көйгөйлүү райондорундагы балдардын жашоосун чагылдырган. Ал жерде кылмыштуулуктун көрсөткүчү жогору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: