super.kg logo

Вице-спикер кызматын тапшырды, Атамбаевдин соту кайрадан жылдырылды. Күн ичинде орун алган саясий жаңылыктардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 23-декабрь, шаршемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.

Депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүн үгүт жүргүзбөөгө чакырды

Парламентте бүгүн күн тартибиндеги экономикалык маселелер каралды. Анда депутат Дастан Бекешев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматовду үгүт жүргүзбөөгө чакырды.

Өз кезегинде Калматов ар бир маселе боюнча пикирин билдирүүгө укугу бар экенин белгиледи.

"Дастан Далабаевич мага "сиз депутат эмессиз" деп айтышы мүмкүн. Депутат болбосом дагы, менде президенттин өкүлү тууралуу жобо бар. Анда мен ар бир маселе боюнча пикиримди билдирүүгө укугум бар экени жазылган. Ошондой эле президенттин атынан көз карашымды айтып, аны жактоого дагы укугум бар" , - дейт Калматов.

Буга карата депутат Бекешев: "Ооба, президенттин өкүлү өз позициясын билдирүүгө укуктуу, бирок үгүт иштерин кылбашы керек. Мен эскерте кетсем, өткөн аптада референдум боюнча талкуу кылганбыз. Ошол жерде Анарбек Баратович үгүт сөздөрүн айткан. Ошондо мен "бул жерде үгүт кылбагыла, сиз депутат эмессиз" деген эскертүүмдү айткам. Ал эми позицияңыз тууралуу айта бериңиз. Маселе жок" , - деген жообун узатты.

Вице-спикер кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирүү жасап, кызматын тапшырып бергенин жар салды. Ал кесиптештеринен кетирген кемчиликтери болсо кечирип коюуну суранып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да болгон күчүн жумшаарын айтат.

"3 жыл ичинде иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсом кечирим сурайм. Мен өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон билимимди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам", - деди Бакиров.

Ал эми биринчи вице-спикер Аида Касымалиева Бакировдун кеткенин кайгыруу менен кабыл алды.

"Парламенттин аз эле убактысы калды, мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок. Бирок биз сиздин чечимиңизди сыйлайбыз", - деген оюн билдирди Касымалиева.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги каралууда. Ал 2020-жылдын 29-августунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп келген.

Мирлан Бакировдун вице-спикерлик кызматтан кетип жатканы тууралуу маалыматты кечээ, 22-декабрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Ага чейин Аида Касымалиеваны кызматтан алуу аракети болуп жатканы айтылган. Биринчи-вице спикер мындай кадамдардын орунсуз экенин белгилеп, кызматынан өз каалоосу менен кетпей турганын кыйыткан. Айрым депутаттар Касымалиеванын ордун карап турганда, Мирлан Бакировдун кызматтан кетип калганынын себеби коомчулук үчүн азырынча табышмак бойдон калды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана ипотекалык насыя алган жарандар митингге чыгышты

Бүгүн, 23-декабрда Транспорт жана жол министрлигинин имаратынын жана өкмөт үйүнүн алдында митингдер болуп өттү. Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери бир нече айдан бери эмгек акыларын ала элек экендигин айтышып, маяналарын төлөп берүүнү талап кылышты.

"Бизге 2019-жылдан бери эле айлыгыбыз убагында берилбейт. Биз да үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Жетекчилик биздин оозду жабуу үчүн 2 миңге жетпеген айлык акыбызды берип, калганын күткүлө деп убагында беришпейт", - дейт нааразы болгондордун бири.

Аларга аталган мекеменин администрациясынан атайын өкүл чыгып, "Бул маселе эртең чечилет. Жаңы жылдан кийин айлык акы толугу менен убагында төлөнүп турат" деген убадасын берди.

Ал эми өкмөт үйүнүн жанында ипотекалык насыя алган жарандар насыянын пайыздарын төмөндөтүүнү талап кылышты. Митингчилер "насыянын үстөк акчасы 4 пайызга түшсүн! МИК - эл менен болсун. Элдин көйгөйү чечилбесе жоюлсун!" деген талаптары менен чогулушкан.

"Апам 2016-жылы "Капитал Банкынан" 12 пайыз менен насыя алып, андан кийин бул чен 9 пайызга түшүрүлгөн. Кийинчерээк, насыяны төлөөнүн эки формуласы бар экендигин билдик, бирок бизге эч ким бул тууралуу маалымат берген жок", - деп билдирет митингчилердин бири.
Атамбаевдин соту дагы жылдырылды

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге карата белгиленген сот отуруму кайрадан жылдырылды. Соттук процесске мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жана анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов алып келинди.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында кийинки соттук териштирүү 30-декабрга белгиленди.

"Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Алмазбек Атамбаев өтүп жаткан 3 иш бар. Алар Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин жер тилкелери боюнча бардык иштер. Бүгүн айрым айыпталуучулардын келбегендигине байланыштуу сот процесси болбой калды. Ал эми Кой-Таштагы жер тилкелери боюнча айыптоо иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, өзүнчө карала турган болду. Себеби анда айыпталуучу Албек Ибраимов жок болуп жаткандыктан сот процесси улам жылып жаткан. Ал эми башка айыпталуучуларга карата соттук териштирүү 30-декабрга белгиленди", - деди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: