super.kg logo

Министр Баткен районундагы күйүп кеткен мектепке барып, жаңы имараттын курулушун тездетүүнү тапшырды

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Министр Баткен мамлекеттик университетине барып, ал жерде жаңы спорттук залдын ачылышына катышты. Ошондой эле окуу жайдын жаңы корпусунун курулушу менен таанышканын министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Билим берүү министри Баткен облустук гимназия-жатак-мектебине барып, мектептин окуу китептери менен камсыз болушу, окуу кабинеттеринин абалы, окуучулардын шарттары менен таанышты. Мындан сырткары министр райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме жана мектеп директорлору менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Ошондой эле билим берүү министри Кызыл-Кыя шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы орто мектебине сертификат тапшырды.


Иш сапарын улай Алмазбек Бейшеналиев Баткен шаарындагы Кызыл-Жол мектебине барды. Аталган мектептин абалы кооптуу абалда деп табылган. Министр тиешелүү адистер менен көйгөйдү талкуулап бир катар тапшырмаларды берди.

Күндүн экинчи жарымында билим берүү министри Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте болду. 7-декабрда аталган мектептин бир корпусу күйүп кеткен. Алмазбек Бейшеналиев мектептин көйгөйүн тиешелүү адистер менен талкуулап, жаңы имараттын курулушун тездетүү тапшырмаларын берип, министрлик көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Иш сапарынын соңунда Алмазбек Бейшеналиев Баткен мамлекеттик университетине караштуу Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтуна барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: