SUPER.KG'де СУРАМЖЫЛОО: Бир аптанын жыйынтыгында Садыр Жапаров ат чабым алдыга кетти
10-январь - Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү. Президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө. Туура бир апта мурун башталган сурамжылоого жалпы 778 колдонуучу катышты. Азырынча Садыр Жапаров атаандаштарынан ат чабым алдыда келүүдө. Башкача айтканда, сурамжылоого катышкандардын 58,5 пайызы же 455 колдонуучу Жапаровдун талапкерлигин жактырган.
Ал эми 20,2 пайыз же 157 адамдын колдоосуна ээ болгон Адахан Мадумаров экинчи орунда келе жатат.
Алдыңкы үчтүктө, тагыраагы, 3-орунда 3,6 пайыз же 28 добуш алган "баарына каршы" графасы бар.
4 жана 5-орундарда Эльдар Абакиров (3,5 пайыз же 27 добуш) жана Улукбек Кочкоров (3 пайыз же 23 добуш) жайгашты.
Сурамжылоонун эң төмөнкү катмарында жайгашкан Жеңишбек Байгуттиев жана Канат Исаев азырынча бир дагы добушка ээ боло элек.
23-декабрга карата сурамжылоонун жыйынтыгы:
