super.kg logo

Бишкекте "Башталгыч фермер" эл аралык бизнес сынагынын улуттук этабы болуп өттү

 

Бишкекте 23-декабрда "Башталгыч фермер" эл аралык бизнес сынагынын улуттук этабы болуп өттү. Бул тууралуу "Бириккен жаштар" уюмунун жетекчиси Аскар Шайкидинов билдирди.

Бизнес сынактын тармактары:

1. Айыл-чарбанын жана өндүрүштүн бардык тармактары;
2. Туризм, агротуризм;
3. Ишкерлик;
4. Айыл-чарба тармагындагы жаңы технологиялык долбоорлор.

Бизнес сынакка 10дон ашык команда катышып, жогорку упайларды топтогон 3 команда жеңүүчү аталышты. Алар:

  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин студенти Жакшылык Бекназаров жетектеген "Нарын-Эт" командасы;
  • Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Азизбек Байбосунов жетектеген "Аграриус" командасы;
  • Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти Жыпар Акималиева жетектеген команда "Тамак-аш калдыктарын жок кылуу" боюнча бизнес пландарын иштеп чыгышып, сынактын эл аралык экинчи этабына жолдомо алышты.

"Сынак жогорку окуу жайларда айыл-чарба, ишкердик, экономика, менеджмент тармагын башкаруу, маалыматтарды топтоо, анализдөө, ошондой эле бизнес пландоо тармагында окуган студенттерди кызыктыруу жана шыктандыруу, командалык топтордо иштөө тажрыйбасын арттыруу максатында уюштурулду", - деди Аскар Шайкидинов.

Сынакка Армения, Беларусь, Германия, Казакстан, Кыргыз өлкөсү жана Орусия өлкөлөрү катышты. Сынак үч этапта өткөрүлөт: улуттук, эл аралык (жарым финал), (финал).

Финалдык этап Орусиянын Москва шаарында уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: