БШК жылуулук системи иштебеген айрым шайлоо тилкелеринин даректерин өзгөрттү
Бүгүн, 23-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айрым шайлоо тилкелеринин даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы айрым шайлоо тилкелеринин даректери өзгөртүлгөн.
Алар:
Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району:
Атай айыл аймагы:
- № 2078 шайлоо тилкеси Атай айылындагы маданият үйүнөн Д.Залимтороев 44 дарегинде жайгашкан Б.Ташматов атындагы орто мектепке которулду.
Көк-Ирим айыл аймагы:
- №2080 шайлоо тилкеси Арал айылындагы маданият үйүнөн Жээналиев көчөсүндө жайгашкан №3 Бейше орто мектебине которулду.
Тогуз-Торо айыл аймагы:
- №2089 шайлоо тилкеси Казарман айылындагы Имамберди уулу Иса атындагы орто мектептен Т.Кожалиев 55 дарегинде жайгашкан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн имаратына которулду.
Баткен облусу, Лейлек району:
Исфана шаары:
- №8019 шайлоо тилкеси Манас-Ата, 32 дарегинде жайгашкан маданият үйүнөн М.Жалилов, 9 дарегинде жайгашкан Ю.Гагарин атындагы орто мектепке которулду.
Чүй облусу, Ысык-Ата району:
Кочкорбаев айыл аймагы:
- №7109 шайлоо тилкеси Ленин, 71 дарегинде жайгашкан Кеңеш айылындагы маданият үйүнөн ошол эле айылдагы Т.Осмонов көчөсүндө жайгашкан орто мектепке которулду.
Шайлоо тилкелеринин даректеринин өзгөртүлүшү мурдагы даректерде жайгашкан имараттарда жылуулук системи иштебей тургандыгына байланыштуу.

