Орусиядагы чет элдик жарандар жасаган автокырсыктын статискасы. Кыргыз мигранттары тарабынан 701 жол кырсыгы катталган
Узап бараткан жылдын 9 айында Орусиядагы кыргызстандыктар 700 жол кырсыгын жасап, анын кесепетинен 30 адам каза болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, министрликтин жол кыймылынын коопсуздугу боюнча илимий борборунун статистикалык маалыматтары ушул жылдын январь-сентябрь айларын камтыган. Анда Орусияда Өзбек жарандары тарабынан 797 жол кырсыгы катталып, 58 адам каза болгон. Ал эми Кыргыз жарандары 701 кырсык жасап, 30 адам мерт болгон. Тажикстан жарандары тарабынан 599 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 76 адам каза болгону айтылат маалыматта.
Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын тогуз айында чет элдик жарандардын күнөөсү менен 3,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган.
"Мурдагы жылдарга салыштырмалуу чет элдик айдоочулар тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушунан улам катталган жол кырсыктарынын, каза болгондордун саны азайганы байкалган", - деп айтылат маалыматта.




1 |