super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 78 миллион 623 миң 752 адам жуктуруп алды

 

Бүгүн, 24-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 78 миллион 623 миң 752 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 44 миллион 245 миң 956 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 729 миң 166 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 18 миллион 455 миң 656 болду. 326 миң 88 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 99 миң 66 адамдан аныкталды. 146 миң 444 адам каза болсо, 9 миллион 663 миң 382 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 365 миң 517 адам вируска кабылган. 189 миң 220 бейтап көз жумса, 6 миллион 501 миң 341 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: