super.kg logo

"Окуу куралдары берилди". Көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган окуучуларга колдоо көрсөтүлдү

 

Бишкек шаарындагы жана Нарын, Чүй, Ош облустарындагы көп балалуу жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан 1136 балага жалпы суммасы бир миллион беш жүз миң сомдон ашкан окуу куралдары тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуу куралдары COVID-19 пандемиясынын коомдук жана экономикалык кесепеттеринин балдарга жана алардын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин азайтуу жана балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүү максатында берилди.

"Мектептер 2030" - 2020-2030-жылдарда дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ишке ашып, миңдеген мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдар (ар бир өлкөдө 100дөн), кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлар менен иш алып бара турган он жылдык глобалдык изилдөө жаатындагы долбоор. Тактап айтканда, долбоор балдар жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда жардам берет", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Аталган демилге Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен "MSDSP KG" коомдук фондунун билим берүү программасы тарабынан "Мектептер 2030" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: