super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облуста ВИЧ/СПИД менен ооруган 46 адам каттоодо турат

 

Нарын облусу боюнча ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын саны 46га жетти. Бул туурасында облустук СПИДге каршы күрөшүү борбору билдирди. Мындай оорулардын алдын алуу максатында облуста көптөгөн мамлекеттик эмес уюмдар иш алып барышат. Азыркы учурда “Теңдеш” бейөкмөт уюму Нарында жалгыз бой, бойдок аялдарды Глобалдык фонддун, ПРООН, Чыгыш-Батыш фондунун каржылоосу менен бекер текшерүүлөрдү өткөрүп, бекер дарылоолорду жүргүзүп келишет. Бул багытта №5 ГСВ дарыгерлери менен өнөктөштүк долбоору июнь айынан бери иштелип жатат. Жогорку категориядагы дарыгерлер кайрылган дарылануучуларды медициналык кароодон өткөрүп, бекер кеңештерди берип турушат. “Теңдеш” коомдук уюмунун жетекчиси Света Саякбаеванын билдиргенине караганда, медициналык бекер кароонун кызматына 120 аял кайрылган. Алардын 73ү медициналык кароодон бекер текшерилип, кайталанып дарылангандардын саны 57ни түзөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: