Ошто менчик бала бакчалар иштеп баштаса, мамлекеттик бала бакчаларга уруксат бериле элек
Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарындагы мектептер кадимки режимде иштеп баштаганы тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов брифингде маалымат берди.
"Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, 2020-жылдын 3-ноябрынан баштап реалдуу режимде окууга мамлекеттик мектептердин башталгыч 1-класстарынын окуучулары, ал эми 7-декабрдан баштап 5-класстар, 10-декабрдан баштап 2-3-4-9-11-класстын окуучулары өттү. Ал эми жеке менчик мектептерден бардык класстардын окуучулары 30-ноябрдан баштап кадимки режимде окуй башташкан. Менчик балдар бакчасынын ишмердүүлүгү жандандырылды. Ал эми мамлекеттик балдар бакчасына азырынча уруксат берилген жок", - деп билдирди Шадыханов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.