super.kg logo

"Зөөкүрлөрдү актап жатышат". Депутат 13 жашар кызды зордуктагандарды актаган судьяга кандай чара көрүлөрүн сурады

 

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Үй-бүлөлүк зомбулуктан күзөттөө жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралууда.

Депутат Айсулуу Мамашова Тоңдо 13 жашар кызды зордуктагандарды актаган судья тууралуу маселени көтөрдү.

"Дайыма сотторубуз акыйкат болуш керек деген талаптарды коёбуз. Балдар биздин келечегибиз деп айтып, иш жүзүндө жасаган ишибиз ушундай зөөкүрлөрдү актап, акыйкатты сезбейбиз. Кечээ бул маселени комитетте карап жатканда бир дагы прокуратура кызматкери жыйынга келген жок. Же бул маселе сиздер үчүн маанилүү эмеспи?" - деп сурады депутат Айсулуу Мамашова.

Прокуратуранын өкүлү чакыруу кат келбегендигин айтты.

Депутат: "Чакырылгансыздар. Сизди келет деп күтүп жатканбыз. Сотту жоопкерчиликке чакырганга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?" - деп сурады.

Прокуратуранын өкүлү: "Бул иш соттун экинчи инстанциянын кароосунда. Биринчи инстанциянын чечими жокко чыгарылса, соттун жоопкерчилигин карайбыз. Кароонун жыйынтыгы менен сөзсүз чара көрүлөт", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: