Аксыдагы Унгар-Тоо аймагынан өзбек чек арачылары чыгарылды

Аксы районундагы Унгар-Тоо аймагынан өзбек чек арачылары чыгарылды. Муну бүгүн, 2-октябрда чек ара кызматынан маалымдашты. 20-сентябрдан бери аймактагы коопсуздукту карап турган кыргыз чек арачылары да алыныптыр. Айта кетсек, 30-сентябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун
Матенов менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара
аскерлеринин кол башчысы Рустам Эминжанов жолугуп, Аксыдагы кырдаал боюнча сүйлөшкөн. Анда өзбек тарап чек арачыларын Унгар-Тоодон алып кетүүгө макул болгон.
Автор: Автандил Добулбеков
Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн текшерип, тескөөгө алышкан. Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу.
Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

