super.kg logo

Бишкекте акча талап кылуу фактысына шектелип жаткан балбан Роман Царев улуттук курамадан четтетилди

 

Бишкекте акча талап кылуу фактысы менен кармалган Роман Царев ушул жылдын 23-декабрынан тартып улуттук курамадан четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик агенттик спортчулардын этикасы тууралуу эскертет.

"Спортчулардын этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Роман Царев улуттук курамадан четтетилет. Кодекстин 5-бөлүмүндө тартипсиздик жоруктарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда кодекстин негизинде спортчуга карата атайын чаралар көрүлөөрү белгиленген. Эскерте кетсек, аталган кодекс 2017-жылы 3-майында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бекитилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Мамагенттиктин 2019-жылы 12-сентябрда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасына кабыл алуу жобосунун жана машыктыруучулардын кеңешинин негизинде, 2020-жылдын 11-12-январында өткөн Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатында Роман Царев 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук курама командасына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: