Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты






Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен Харлампиевдин элесине арналган күжүрмөн самбо мелдешинде байгелүү орунду багындырган Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.
Ал ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында эмгектенет. Милициянын ага сержанты Бектур Идирисов 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн дүйнөлүк кубокто коло медаль уткан.
"Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Алмазбек Жусупов, "Шумкар" полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков, Жалал-Абад шаарындагы "Динамо" спорт клубунун башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Нурбек Самидинов жана спортчунун жакын туугандары катышып, анын ийгилиги менен куттукташты. Алар дүйнөлүк мелдешке катышуу жана байгелүү орундарды багындыруу сыймык экендигин белгилешип, Кыргыз өлкөсүнүн желегин мындан ары да дүйнөлүк аренада желбиретип жүрүүсүн каалашты", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.