super.kg logo

АКШдагы үрөй учурган окуя. Күйөөсү аялын, эки уулун атып, андан соң өзүн өзү атып салган

 

АКШдагы үрөй учурган окуя Мэйфилд шаарында орун алган. Анда күйөөсү аялын, эки уулун, андан соң өзүн өзү аткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Үй-бүлө башчысы Кайл 35 жаштагы аялын, эки баласын атып салган. Алардын жансыз денелери үйүнөн табылган. Окуядан көп узабай эле Кайл балдарынын өмүрүнөн артык жакшы көрө тургандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазып, 80 сүрөт жүктөгөн. Ошондой эле аялы анын көзүнө чөп салып жүргөндүгүн да жарыялаган.

"Менин балдарым - мен үчүн баары, ал эми аялдар болсо келет, кетет. Эгер аял бактысыз болсо, сиз аны бактылуу кыла албайсыз. Мен балдарымды жанымдан артык жакшы көрөм. Мен жашоодо эмне кылган болсом баарын алар үчүн жасадым. Ошондуктан алардын балалыгы меникинен жакшы өттү", - деп жазган Кайл Милликен.

Мэйфилд шаарынын тургундары Кайл жана Эшли таанымал жана кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдүн бири болушкан. Алар бирге түшкөн бактылуу учурларын, саякаттарын, 8 жана 13 жаштагы уулдарынын ийгиликтерин Фейсбукка байма-бай бөлүшүп турушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: