Мурдагы депутат азыркы депутатты машыктырып... Алтынбек Сулаймановдон жаңы сүрөттөр







Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жаңы сүрөттөрү менен интернеттеги баракчаларына бөлүштү. Андан депутаттын дзюдо менен машыгып жатканын көрүүгө болот.
Жүктөгөн сүрөттөрүнө Сулайманов: "Ар кандай спорт түрлөрүн же башка жаңы нерсени үйрөнүүдө ошол иштин чеберинен сабак алсаң бат өздөштүрөсүң.
Таалайбек Масабиров – дзюдо боюнча чеберлер арасындагы Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, эрежесиз эр уруш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы абсолюттук чемпиону, дүйнөнүн жана Азиянын дзюдо федерациясынын кара курунун (6-дан) ээси, дзюдо жана самбо боюнча эл аралык чебер, саясатчы, экс-депутат", - деп жазды.
Комментарийлерде Сулайманов саламаттыгы үчүн машыгып жатат деп жазышууда. Айта кетсек, коомчулук арасында Алтынбек Сулайманов "чоң муштум" деген кептер айтылып келген. Октябрь айындагы Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде анын Канат Керезбеков менен чырдашып кеткен видеосу дагы тараган.
Таалайбек Масабиров ушул жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого мандатсыз барам деп депутаттык мандатын тапшырып берген.




1 |