Эртеңден баштап Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавирустан жабыркаган бейтаптарды кабыл алууну токтотот
Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасы коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарды кабыл алууну токтотот.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коронавирус инфекциясынан жабыркап, стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азаюуда.
"Эртең, 25-декабрдан баштап Кыргыз-Түрк достук бейтапканасы коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарды кабыл алууну токтотот. Мындай чечим республикалык инфекциялык оорукананын каржы булактарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн кабыл алынган", - дешти мекемеден.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:07
2025-11-20
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















