Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Азербайжандын президентин туулган күнү менен куттуктады
Бүгүн, 24-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.
"Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуу, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер элибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын дилимден куттуктайм", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Талант Мамытов Ильхам Алиевге бекем ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишинде мындан ары ийгиликтерди, ал эми бир тууган Азербайжан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.