super.kg logo

Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы 1 миллион 200 даана вакцина алууга билдирме берди

 

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп, анда Кыргыз өлкөсү коронавируска каршы вакцина алууга билдирме жөнөткөнү айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"COVAX глобалдык демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң өлкөнүн 20 пайыздан ашуун калкы эмдөөдөн өтө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин белгиледи.

"Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек", - деди Сурабалдиева.

Мындан сырткары маалыматта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловго аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусу жана кыска мөөнөттө өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилгени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: