"Устанын акысын тери кургай электе бер". Орусияда оңдоп-түзөө иштери үчүн акыбызды ала албай калдык дегендер имаратты талкалашты
Социалдык тармактарга жумушчулар балка менен жаңы имараттын ичин талкалап жүргөн видео тарады. Орусиялык маалымат булактары бул окуя Крымдагы мектептердин биринде болгонун жазууда. Окуянын күбөлөрү алар - имаратты оңдоп-түзөгөн усталар экенин, бардык аракеттерди көрүшүп, бирок өздөрүнүн эмгек акысын ала албай калышканын айтышкан.
Маалыматтарга караганда, мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери август айында бүтмөк. Бирок жумуш чоюлуп кышка жакын аяктаган. Мектептин ремонту үчүн мамлекеттик бюджеттен 31 миллион рубль акча бөлүнгөн.
"Жумушчулар түз мааниде айтканда, өздөрүнүн жумушун кайра бузуп жатышат. Аларга эмгек акысын төлөп бербей коюшкан. Бизге, бардык ата-энелерге жана мугалимдерге мектептин ичин бузуп жаткандарын көрүү оор болду", - дешкен күбөлөр.
Басылмалар тактагандай, мектептин оңдоп-түзөө иштерин "Гарант" аттуу компания алып, аны 31 миллион 656 миң рублга баалаган. Бирок аталган компаниядан ишти аткаруу үчүн подрядчиктерди жалдаганын, аларга келишимде түзүлгөн 6,5 миллион рубль которгонун билдиришкен.
"Келишимде көп жумуштар камтылган, суу өткөрүүчү түтүктөрүн оңдоо, мектептин аймагын абаттоо, жылуулук киргизүү, электр өткөргүчтөрүн жаңылоо жана башка. Мектептин имаратынын ичин ремонттогондорго тиешелүү акча которулган, бирок биз кайра акча которуп калабызбы? Биз полицияга арыз жаздык", - дешкен компаниядан.
Акчасын ала албай калган усталар имаратты талкалай баштады









1 |