super.kg logo

"Арактын кутусуна салып кетишкен". Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен 1 миллион доллардан ашык акча уурдалды

 

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен спирт ичимдигинин кутучасына салынган 1 миллион доллардан ашык каражат уурдалып кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Окуя туптуура 1 жыл мурда орун алса да, массалык маалымдоо каражаттарына эми гана белгилүү болду. Тактап айтканда, өткөн жылдын декабрь айында Наталья Агальцова аттуу минстрликтин кызматкери кабинетиндеги арактын кутучасында таңгакталган 1 миллион 66 миң доллар каражатты алып чыгып кеткен.

"Шектүү жана анын жарандык никедеги күйөөсү көп өтпөй кармалып суракка алынган. Сурак учурунда Агальцова таңгактын үстүндө 100 долларлык купюралар, ал эми алды жагында 1 долларлык купюралар бар болгонун билдирген. Ал муну көргөндө коркуп, акчаны алып чыгып кеткенин айткан. Бирок ал эмне себептен эрежени бузуп, атайын комиссиянын катышуусу жок таңгакты ачканын түшүндүрө алган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Агальцованын жарандык никедеги күйөөсүнүн статусу көп өтпөй шектүүдөн күбө деп өзгөртүлгөн. Ал эми өзү болсо ушул жылдын август айына чейин тергөө абагында кармалып, андан кийин үй камагына чыгарылган. Жоголгон акчалар кайда кеткени азыркыга чейин белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.12.2020. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Офигеть
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: