"Майрам болбойт, кичинекейлерге көңүл бурабыз". Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген, аялуу катмарга кирген балдарга 4 жарым миллион сомго белек алат
Калктын аялуу катмарына кирген жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берүүгө Бишкек мэриясы 4 миллион 787 миң сом сарптоону көздөп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга, убактылуу жашоо борборлорунун тарбиялануучуларына, 26 өкмөттүк эмес уюмдун тарбиялануучуларына, жалпы 1033 балага таттуу белектерди тартуулоону пландоодо. Аал үчүн шаардык бюджеттен 578 миң 500 сом каражат каралган.
Ошондой эле райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдүн жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун балага жаңы жылдык белектерди сатып алат. Ага 4 миллион 208 миң 500 сом бөлүнгөнү кабарланат мэриянын маалыматында.



1 |