"Батирлеп жашагандан чарчадым". Казакстанда 8 жашар кызын ич кийимчен эшикке чыгарып койгон аял үн катты
Казакстандык теле алып баруучу Динара Сатжан 8 жаштагы кызын ич кийимчен көчөгө чыгарып жиберген аялга жолугуп, сүйлөшкөнүн Инстаграм баракчасына жазды.
"Кыздын апасы өкүнүп жатат. Сабак алдым. Жетишпеген турмуштан, батирлеп жашагандан, ар дайым жумуш издөөдөн чарчадым. Кошунанын кир кыпчыткычтарын алып ойногондугу үчүн балдарыма ачууланып кеттим. Мен алардын башка бирөөнүн буюмун алышын каалабайм. Мындан ары андай кылбоо керектигин түшүндүрүү үчүн эшикке чыгарып жибердим деп", - айтканын алып баруучу жазып чыккан.
Ошондой эле Динара Сатжан бул үй-бүлөнүн кандай шартта жашагандыгын кошумчалап, балдарды ата-энесинен ажыратпоо керек экендигин айткан.
"Кыздын үй-бүлөсү эски вокзалдын жанындагы эки бөлмөлүү жатакананын бир жагында турушат. Бул үй-бүлөнүн төрт баласы бар. Бул окуя азыр абдан иликтенип, тийиштүү органдар тарабынан каралып жатат. Эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Балдардын апасын түшүнгүм келип жатат. Балким ал да ушундай тарбия көргөн.Ошол себептүү да бала тарбиялоодо башка ыкмаларды колдонууну билбейт чыгар. Ата-энесин балдарынан ажыратпай эле койгон дурус. Баары эле аябай жаман эмес, алар балдарын жакшы көрөт",- дейт Сатжан.
Эске салсак, интернетке кичинекей кыздын ич кийимчен сыртта отурган сүрөттөрү жарыяланган. Кийин анын Казакстандын Нур-Султан каалаасында болгондугу аныкталган. Кичинекей кыз иниси менен кошунанын кир кыпчыткычтарын уруксатсыз алып ойногондугу үчүн апасы аны жазалоо максатында сыртка чыгарып койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(10)
Aliza_96

25.12.2020. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жетишпеген турмуш,акча, уй....эххх((( жашоодо эээн негизги нерселер булар эмес да...
Almazhhhh

25.12.2020. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин баары эле батирлеп жашап журот.Сабырдуулук да керек!Балдарга меермин токсон кудайым ырыскыны бир куну толтура берет.
aiba.20201234567

25.12.2020. 13:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не казактарда жокпу акча чогултуп уй алперип койгула да .
Asmat84

25.12.2020. 14:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы ата энеден ажыратып салыш эле оңойбу 9 ай омурткасы сыздап көтөрдү андан кийин түн уйкусун бузуп чоңойтту. Баласына эч бир ата эне жамандык каалабайт. Болгону жакшы болсун деп ар кандай жолдор менен жазалайт. Ошону көбүртүп жабыртып чыгарган адам күнөөлүү же силер ата энеңерден эч бир токмок жебей чоңойдуңар беле?
al-abu-kinesz

25.12.2020. 15:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бурчка колун которуп тургузуп койгондон откон жаза жок балдар учун
Kyrc...

25.12.2020. 16:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озун акылдуу,боорукер корсотом деп бир уй-булоону бузган блогерлер. Бизге караганда апасы мин эсе окунуп атат.
Suuluwka9686

25.12.2020. 21:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы ата энеден ажыратпаш керек. Кандай кундо да ата эне балам деп жащайт, аны ажыратканда башка бироо жакшы карамак беле.
Aimani

26.12.2020. 00:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башкача жазаласын,колго чапсын бирөөнүн буюмун алба деп.бирок кыз баланы суукта жылаңаяк эшке чыгарып койгон болбойт.кийин төрөбөй калсачы.бут жашоосуна таасир тийгизет.
Raihan0602

26.12.2020. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карда жылаңач бутунда да эч нерсе жок ооруп калса азабын өзү тартат да мүмкүн уже ооруп да калды.Кыпчыткыч бул жөн гана шылтоо сабырдуу бололу элим.
Tiken

26.12.2020. 12:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды бага албагандан кийин аларды торобой эле койгулачы дегим келип жатат ушундай акмак ата-энелерге. Кыйналсанар бала жаратпагыла, торобогуло, озунор кыйналган эле жетишет, озунорду бага албасанар неге алардын убалына калып торойсунор!!! Баланы жарык дуйного алып келген сон жоопкерчилик алгыла ата-эне!!! Болбосо кордобой туруп бергиле балдар уйуно!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.