super.kg logo

Министрлик: "Быйыл 40 район, 23 шаарга асфальт төшөлдү"

 

Бүгүн, 25-декабрда республика боюнча 40 район, 23 шаарга асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат жыйында транспорт жана жолдор министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл пандемияга байланыштуу министрликке каралган каражаттын 70 пайызы кыскартылган.

"Бирок ага карабастан бизге бөлүнгөн тапшырмаларды толугу менен аткардык. Аймактарды өнүктүрүү программасы боюнча 155 километр асфальт бетон катмары төшөлдү. Бул республика боюнча 40 район жана 23 шаарга туура келет. Андан сырткары өзүбүздүн бюджеттин эсебинен 11 километр асфальт төшөдүк.

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушун токтотпостон уланттык. Ал жерде 22, 5 километр асфальт төшөлдү. Мындан сырткары май, июнь айларында Ысык-Көл, Баткен облустарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен жолдорго зыян келтирилген. Зыяндын көлөмү 65 миллион сомго чукул чыгымды түздү. Бирок анын ичинен 30 миллионго жакынын пландан сырткары аткардык", - деп билдирди Бекназар Базаралиев.

Ал кыш мезгилине карата жолдорду тазалоого техникалар даяр экендигин айтып, күйүүчү майлардын запасы жетиштүү экенин билдирди.

"Кыш мезгилине даярдыктар боюнча айта турган болсок, бүгүнкү күндө борбордо кышкы тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ашууларда жолдорго керектүү материалдарды даярдоо дээрлик 90 пайызга аткарылды. Күнүнө ал материалдар коротулуп жатат, ашууларда бүгүнкү күндө жолдор ачык.

Ал эми Кара-Кече жолу боюнча айта турган болсок, ал жерде буга чейин тоо көчкөн, анда 4 километр жаңы жол куруп, көмүр кенине жол салып бердик. Ошондой эле Бишкек-Кордай жолундагы өткөрмө пунктундагы көпүрөнүн реконструкциялоо иши бүттү. Ачылуу аземине даяр. Боом капчыгайында таш кулап кеткен боюнча экинчи тилкени ачып берүү үчүн аракеттер көрүлүүдө", - деп билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле кызматкерлердин айлык маянасы толугу менен төлөнүп берилип жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.12.2020. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара-суу районунун жолдору качан ондолот
25.12.2020. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бир эле биздин шаар калыпьыр да жолдору ондолбой аа.
25.12.2020. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалга алсак Ош-Баткенди бириктирген жол. Ноокат районун ичинен өтөт. Ал жер асфальт эмес эле сай болуп калган. Ноокаттын ичинен чыгып кеткенче чарчап кетесиң. Областты бириктирген жол. Карап көңүл бөлүп койсо болот эле. Эптеп эле статистиканы берип мактана бербей
25.12.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол кылгандар уялгылачы 1 жылда 5километр деген бул 100% 10 % жол куруп 90% жеген деп тушуном эн чон коррупция ушул жолдо жатат
26.12.2020. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жал
26.12.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как будто бүт Кыргызстан асфальтталгандай элестетип кеттим темасын окуп алып.)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: