Мэрия: "Жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу пландаштырылууда"
Бишкек шаарынын мэриясы бир эле мезгилде жашоочулары көп аймактарда кошумча каттам линияларын ишке киргизүү жана ишкерлерге шарттарды түзүү, борборго инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрия кеминде 75 жүргүнчүгө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобус менен инвесторлорду тартууну пландаштырууда.
"Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин, калаанын транспорт маселеси боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловдун жетекчилиги астында инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимди түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты.
Мында жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатат. Борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, эң негизгиси эски жана эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңы автобустарга алмаштыруу менен автомобиль транспорту аркылуу булгоочу заттардын чыгышынын деңгээлин кескин кыскартууну камсыз кылат", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө мэриянын "Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорттук ишканасы" муниципалдык ишканасы шаардыктарды 11 каттам боюнча тейлейт.

