Бишкекте акимдер шаардын кичинекей жашоочуларына Жаңы жылдык белектерди тапшырды








Бишкектеги райондун акимдери шаардын кичинекей жашоочуларына Жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев жашоо-шарты кыйын үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды. Анда аталган райондо жашаган 30га чукул бөбөктөр белектерге ээ болушту. Мындан сырткары Ленин районундагы 2 миң балага белек берүү пландаштырууда.
Ошондой эле Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 20 балага белек тапшырды. Мындан тышкары аталган райондогу 1650 балага белек тапшыруу пландалып жатат.
Свердлов районунун акими Мурат Осмонов Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин каттоосунда турган реабилитациялык борборлордогу балдарга белек тапшырды. Мындан тышкары аталган райондогу 2 миң балага белек даярдалууда.
Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясы өз өзгөртүүлөрүн киргизип, бул жылы салттуу Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлбөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.