super.kg logo

Республикалык штаб: "Коронавирустун жаңы түрүнүн киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынды"

 

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: