Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жалал-Абаддагы бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырып чыкты
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Мин-Ксин" металл буюмдарын чыгаруучу өндүрүштүк ишканага барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган ишкана "Максат" ААК өндүрүштүк базасында инвестицияларды тартуу эсебинен түзүлгөн жана 70 адамды жумуш орду менен камсыздайт.
Ишкана менен таанышуу учурунда белгиленгендей, анын өндүрүштүк кубаттуулугу 60 тоннаны түзөт жана өндүрүлгөн продукция Өзбекстан менен Тажикстан Республикасына экспорттолот.
Келечекте арматура чыгаруу боюнча өндүрүштүк линияны ишке киргизүү эсебинен өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу пландаштырылууда. Бул учурда ишкананын экспорттук потенциалы жогорулап, жумушчу орундардын саны 140ка жетет.
"Биз тараптан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүлөт. Чакан жана орто бизнести укуктук жактан коргоо, анын ичинде бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө. Биз бардык маселелерди билебиз, бирок аны чечүүгө убакыт керек. Эң негизгиси, түшүнүк жана мындан аркы иш-аракеттердин планы бар. Аймактын потенциалы жогору", - деп жыйынтыктады Артём Новиков.

