Артём Новиков 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаарлардын мэрлери, райондук жана облустук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кышкы жылытуу мезгилинин өтүшүнө, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык маанидеги тамак-аштын баасынын деңгээлине өзгөчө көңүл бурду.
Артём Новиков буга чейин облустун түзүмүндөгү олуттуу үлүштү өнөр жай ээлегенин, айрыкча өндүрүш ишканалары аймактын экономикасынын локомотиви болгонун белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Артём Новиков чакан жана орто бизнести колдоонун зарылдыгын белгиледи.
Инвесторлор жана ишкерлер тынчсызданбашы керек, аларды колдой турган облус жетекчиси, анан да өкмөт бар экенин билүүгө тийиш. Ушул маселелердин бардыгы жергиликтүү деңгээлде чечилиши кажет, бул үчүн сиздерде бардык ыйгарым укуктар бар. Өкмөт өз кезегинде бардык демилгелерди колдоого даяр", - деди Новиков.
Жыйындын соңунда Артём Новиков өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге бизнес тармагы менен биргеликте 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырды.

