"Ырчы болсоңуз бат эле атактуу болмоксуз". Тазабек Икрамовдун ырдаганы көңүл чордонунда
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Кыргыз радиосунун студиясында аткарган ыры алкоолорго татыды. Интернетке тараган видеодон Тазабек Икрамовдон тышкары биринчи вице-спикер Аида Касымалиеваны жана ырчы Токтобүбү Черикчиеваны көрүүгө болот.
Радионун студиясында Тазабек Икрамов "Издейм сени" аттуу чыгарманы аткарган. Социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын өнөрүнө баа беришип, жакшы пикирлерин жаадырышты.
Жазылган пикирлерден:
"Каап, ырдап эле жүрсө жакшы болмок экен", "Депутат болбой эле ырчы болсоң авторитет болмок экенсиң", "Тазабек жакшы ырдаптыр, анча-мынча ырчылар мындай ырдай албайт, өзү негизи жүрөгү таза эле адам", "Жигитке 70 өнөр аздык кылат, таланттуу депутатыбыз", "Ырчы болсо эле болмок экен, анча-мынча ырчылар эс алат", "Эл өкүлдөрү элге маанай тартуулоодо", "Өзүнүн жолун тааптыр, оор ырды кандай сонун ырдаган, аман болсун".


Бирок Тазабектин журогу таза, кээде керектуу маселелерди которуп чыгат, жакшы адам деген сыяктуу комментарийлерди мен эч жерден окубапмын. Ушуга чейин да бир маалыматта суперчилер Тазабекти бир аз тазалап корсотушту эле. Журналистти "эс алдырган" азамат жигит да бул..