super.kg logo

Гүл менен конверт тапшырды. Жалал-Абадда сабалган "Тазалыктын" кызматкеринен шаар мэри кабар алды

 

"Жалал-Абад Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова белгисиз адам тарабынан сабалган. Жабырлануучунун абалынан Жалал-Абад шаарынын мэри 25-декабрда кабар алып, материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ооруканада дарыланып жаткан аялдын абалы менен таанышып, окуяга укуктук баа берилүүсүнө кызыктар экенин айтты. Аны менен бирге жабырлануучуга материалдык жардамын тапшырды.
Ал эми "Тазалык" ишканасынан Маргуба Хакимованын абалы жакшырып келе жатканын билдиришти.
"Биздин ишкана тарабынан дары-дармек алып берилди. Буюрса, дүйшөмбү күндөн тарта бардык кызматкерлер көңүлүнөн чыккан каражатты чогултуп, кесиптешинин дарылануусуна көмөк көрсөтөт", - дешим аталган мекемеден.

24-декабрда таңга маал Маргуба Хакимованы сабап кетишкени кабарланган. Анда жабырлануучуну таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткендиги айтылган.

Аталган окуя боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.12.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалал абаддын мери боюнча биринчи угушум)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: