Чаткалдын тургундарын жумуш менен камсыз кылган алтын өндүрүүчү ишкананын курулушу жанданды




Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө алтын өндүрүүчү жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери жанданган Чаткал районундагы "Эти-Бакир-Терек-Сай" ишканасына барды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган ишкананын курулуш иштери 5-6-октябрдагы окуяга байланыштуу токтоп, 15-декабрда кайра жанданган.
Артём Новиков ишканага барган учурда өкмөт эки айдын ичинде тоо-кен ишканасынын ишин жандандыруу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзгөнүн, анын натыйжасында 700дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгонун, алардын 75 пайызы жергиликтүү тургундардан экенин белгиледи.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, узундугу 35 чакырымдан ашык Ала-Бука-Кировка жолун куруу, ошондой эле модернизациядан кийин эл аралык макамга ээ боло турган "Кербен" аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн айтты.
Бул чечимдер жергиликтүү тургундардын турмушуна оң таасирин тийгизет. Жашоочулар реалдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү зарыл, анткени, бардык иш-аракеттер жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого багытталган. Себеби бүгүнкү күндө өкмөттүн негизги милдети – калкты жумуш менен камсыздоо", - деп кошумчалады ал.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, иштердин жыйынтыгы боюнча аймакта рекультивациялоо иши жүргүзүлөт, ал эми калдыктарды сактоочу жайды курууда алдыңкы экологиялык стандарттар, техникалык жана социалдык талаптар сакталат.
Алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу жыйынтыкталган соң, салык төлөмдөрү 5 миллиарддан ашык сомду түзөрү айтылат маалыматта.

