super.kg logo

Европа өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө башталды

 

Европа өлкөлөрүндө бүгүн, 27-декабрдан баштап коронавирус инфекциясына каршы эмдөө башталды. Вакцинация акысыз жана жарандардын өз каалоосу менен жасалат деп жазышат чет элдик маалымат каражаттары.

Андагы маалыматка ылайык, эмдөөнү Германия, Франция, Испания, Австрия, Болгария, Чехия, Испания жана Италия мамлекеттеринин жарандары алышат. Эмдөөнүн биринчи этабында Европа Союзуна кирген ар бир өлкө 5 миңден кем эмес жаранды вакцинациядан өткөрүүсү кажет. Ал эми массалык эмдөө жаз мезгилинде башталат.

Илдетке каршы эмдөөгө "Pfizer" жана "BioNTech" компаниялары өндүргөн препарат колдонулууда.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө коронавирус инфекциясына каршы бир нече вакцина бар экени айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.12.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия Pfizer вакцинасын жамандап эле жатып калды эле. Оздору чыгарган вакцинаны медицина кызматкерлери албайбыз деп жер тепкилеп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: