15 миллион сом сарпталды. Кочкордогу театрдын капиталдык ремонту бүттү





Кочкор районундагы "Чолпон" кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди. Анын оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 15 миллион сом которулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Театрдын ачылышына маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана облустук, райондук бийлик өкүлдөрү катышты.
Кинотеатр 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп баштаган. Бюджеттен 15 миллион сом которулуп, ага кинотеатрдын сырткы жана ички жасалгалоосу азыркы убакыттын талаптарына жооп берген материалдарды колдонуу аркылуу чоң 300 орундуу жана кичи 33 орундуу зал (3D) жасалып, жаңы жылытуу, жарык берүү системдери, заманбап техника жана жаңы креслолор орнотулду.
Нарын облусунун Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатры 400 орундуу бир залы менен 1966-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилген убакыттан тартып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
2012-жылы Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Киноматография департаментинин карамагына алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Senator

27.12.2020. 13:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу ай
Baktyluu_bolgum_kelet

27.12.2020. 15:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына иштетиле эми.Талкалап салбай.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.