"Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар". Талант Мамытов президенттик балаты майрамында балдарды куттуктады












"Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы - бул биздин билимдүү жаштар",- деп баса белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада.
Иш-чарада сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргыз өлкөсүндө да бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.
Президенттин милдетин аткаруучу келе жаткан Жаңы жылда Кыргыз мамлекетинин балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.
Бул жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган Жаңы жылдык иш-чара онлайн-форматта өттү. Концерт КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлдү.

