Түркияда кыргыз кызынын жансыз денеси табылды
Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргыз кызынын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты түрк басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, 23 жаштагы Р. К. аттуу кыздын жансыз денеси 26-декабрда Муратпаша районундагы үйлөрдүн биринен табылган.
"Кыз менен чогуу жашаган Түрк жараны полицияга берген көрсөтмөсүндө, маркум менен 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн, экөө 25-декабрда алкоголдук ичимдик ичип уктап калганын, эртең менен кыздын денеси жансыз болуп жатканын айткан. Андан кийин ал "Тез жардам" кызматын чакырганын билдирген.
Жерине келген медицина кызматкерлери кыздын каза болгондугун аныкташкан. Маркумдун денеси соттук-медициналык экспертиза үчүн өлүкканага жиберилген. Ал эми аталган аймактын прокуратурасы тарабынан бул окуя тергелип башталды", - деп айтылат кабарда.


Конечно баары эмес
Ошого чем таджик менен озбеке караганда туркторго кетип жатвшат да.