Кант диабети менен жабыркап жаткан Кыргыз Эл артисти Султан Каримов жардамга муктаж

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов 5 жылдан бери кант диабети менен күрөшүп келет. Учурда ал операция жасатууга муктаж.
Артисттин айтымында, ал буга чейин үйдөн эле тиешелүү дары-дармектерди ичип, ийнелерди сайдырып жүргөн.
"Дарт быйыл эле күчөп кетти. Ооруп жатканымды Ассоль Молдокматова угуп, мындай болбой турганын айтып, коомчулукка чыгарды. Эл өзү кыйналып жатса кантип жардам сурамак элем деп тартынасың да", - дейт ал.
Султан Каримовго 2015-жылы кант диабети, панкреатиттин оор формасы, пиелонефрит, полиартрит жана артроз, муундардын оорусу диагноздору коюлган. Учурда ал кант диабетинин 1-тиби менен жабыркап, тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж.
Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ аркылуу каражат которсо болот.
0(507) 42-05-42 - ЭЛСОМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Исламга чейинки заманды каалап жатышат