super.kg logo

Өлкөдөгү эң мыкты эмерек өндүрүүчү «Lina» компаниясы 32 жылдан бери сиздер менен

 

«Lina» компаниясы Кыргыз мамлекетинин биринчи улуттук бренди болуп саналат. Аталган компания Бишкек шаарында 32 жыл мурун негизделген. Ошол убакыттан бери өзүнүн ассортиментин көбөйтүү жана өндүрүшүн кеңейтүү менен компания бир гана Кыргыз өлкөсүнүн рыногунда эмес, Казакстандын жана Орусиянын рыногунда да өзүн мыкты көрсөтүп келет.

40тан ашык эмеректин түрлөрү бар

Өлкөдөгү эң мыкты эмерек өндүрүүчү «Lina» компаниясы. Анткени «Lina» эң жогору сапаттагы жана эң сонун дизайндагы жумшак, пружиналуу матрацтарды, ошондой эле үстөл жана отургучтарды өндүрүү менен алектенет. Продукциялардын каталогунда 40тан ашык эмеректин түрлөрү бар. Чакан батирлер үчүн эконом класстагы моделдерден баштап, премиум класстагы салондук эмерекке чейин. “Lina” компаниясы өзүнүн өндүрүшүндө жогору сапаттагы экологиялык таза материалдарды гана колдонот. Продукция милдеттүү мамлекеттик тастыктоодон өтөт.

Компанияда кандай адистер иштейт?

Кыргыз мамлекетинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да атайын кесиптик даярдыктан өткөн жогору квалификациялуу адистер иштешет. Өзүнүн кызматкерлери үчүн "Лина" Түркиядан, Италиядан, Польшадан, Чехиядан, Германиядан, Япониядан, БАЭ, Россиядан жана Литвадан келген адистерден мастер-класстарды уюштуруп турат. Биздин компаниянын цехтери эң мыкты дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн жогору технологиялык жабдуулары менен жабдылган.

“Lina” компаниясынын максаты

“Lina” компаниясы өзүнүн продукциясынын сапатын жана сервисти дайыма жакшыртып, өзүнүн жогору максатына кадам таштайт - продукцияны жана сервисти таламы күчтүү кардарларды канааттандырууга жөндөмдүү эң жаңы дүйнөлүк тенденцияларга ылайык сунуштоо жана дүйнөлүк брендге айлануу. “Lina” - сапатты баалаган жана көркөм табитке ээ адамдар үчүн иштеген жана өнүккөн эмерек компаниясы. “Lina” эмеректерин өзгөчө таасир тийгизген жана ээсинин статусун баса белгилеп турган кайталангыс көркөм стиль айырмалап турат. “Lina’нын” эмеректерин тандоо менен сиз өзүңүздүн жашоо образын аныктайсыз.

“Lina” компаниясы кыргыз элин кирип келе жаткан Жаңы жыл майрам менен куттуктайт. “Жаңы жыл көпчүлүгүбүз үчүн өзгөчө майрам. Бул күнү баарыбыз толкунданып Жаңы жылдын келишин күтөбүз. Жүрөгүңөрдө дайыма жакшылык толуп турсун. Үмүт өчпөй дайыма жанып турсун", - деп айтылат куттуктоодо.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: