super.kg logo

Садыр Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды

 

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин жарандык активист Мелис Аспеков менен "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн БШКга даттанды. Маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыктады.

Белгилүү болгондой, Александр Мощин өзүнүн жазган арызында Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо компаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканын белгилеп, мындай укук аларга берилбегенин айткан.

"Алар мындай мыйзамсыз аракеттери менен Садыр Жапаров тууралуу терс пикирлердин калыптанышына түрткү болууда", - деп жазылган даттанууда.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо же баарына каршы добуш берүү сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.12.2020. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уяты жок эргулдар экен. Элдин башын айлантышып, калпты суйлогондор журушот. Эртен ушулар олконун келечегин талкалап жок кылышат.
28.12.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура сабатсыз шумпайлар көчөдө кыйкырып жүрүп эле эми чоң болуп калышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: