super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы 20 жылдагы дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себептерин атады

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы 20 жылдагы дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себептерин атады. Бул тууралуу аталган уюмдун берген маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан жүргүзүлгөн дүйнөдөгү өлүмдүн себептери боюнча ири изилдөөнүн жыйынтыгында, акыркы жыйырма жыл ичинде адамдар жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана өнөкөткө айланган жугуштуу эмес оорулардан каза болушат.

"2000-жылы адамдардын өлүмүнө себеп болгон жугуштуу эмес төрт гана оорунун түрү бар болсо, 2019-жылы алардын жалпы жети түрү аныкталган. Бул тез арада жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну жана дарылоону күчөтүшүбүз керектигин эскертип турат", - деген уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус.

Ошондой эле ДССУ 2000-жылга салыштырмалуу дүйнө калкынын орточо жашоо узактыгы 6 жылга жогорулагандыгын билдирген. Мындан 20 жыл мурда адамдардын орточо жашоо узактыгы 67 жаш деп эсептелсе, азыркы убакта 73 жашты көрсөтүүдө. Бул изилдөө коронавирустук пандемияга чейин чогултулган маалыматтарга негизделгендигин ДССУ кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: