super.kg logo

Жоомарт Бөкөнбаевдин 110, Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет

 

Бүгүн, 29-декабрда саат 12:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты.

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726–1931-жылдары Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жылдары Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт. Эмгек жолун 1931-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935-1941-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп иштеген.

Жоомарт Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, “Родина үчүн алга” дивизиялык гезиттин редактору болуп калат. Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин “Жер алган кедейлерге” аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. 1933-жылы “Эмгек төлү” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

1935-жылы жарык көргөн “Алтын кыз” поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Ал “Семетей” пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, “Айчүрөк” жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу. “Алтын кыз” поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Жоомарт Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору. Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. “Манас” эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда кызмат иш сапары учурунда Жоомарт Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.

Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева 1920-жылы 19-апрелде Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын ата мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Патриархалдык коом шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.

Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барган.

Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы ЛКСМ БКнын секретардыгына дайындалган. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин Төрайымы, “Кыргызстан аялдары” журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1956-1979-жылдарда автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агентствосунун кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, пенсияга чыккан.

“Акын” деген алгачкы ыры 1947-жылы, “Заманам”, “Жарык дүйнө”, “Ак пейил адамдар үчүн”, “Ой толгоо”, “Менин күнүм”, “Тандамалар” аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле “Жаңылдын элеси”, “Өмүр жолу”, “Жүрөктөгү так” сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. “Кеткендердин айлында”, “Адам кызык”, “Токто десем”, “Ойнобо”, “Алтымыштан ашкандарга”, “Ысык-Көл”, “Көк жайык”, “Сары-Челек”, “Эне-жер” аттуу ажайып чыгармалары жарыяланган.

Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Тенти Адышева “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Тенти Адышевага “Кыргыз ССРинин Эл акыны” деген ардактуу наам ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: