super.kg logo

Коңшу Казакстан коронавируска байланыштуу мамлекеттик чек арада чектөөлөрүн күчөттү

 

Коңшу Казакстан коронавируска байланыштуу мамлекеттик чек арада чектөөнү күчөтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Казакстанда акыркы бир айда аймактарда оорунун өсүшү байкалууда. Октябрь айына карата өлкөдө COVID-19 илдети 1 миң 272 адамдан аныкталса, ноябрь айында 3 миң 352ге жеткен. Бул көрсөткүч менен бир күндө 442 адам илдетти жуктургандыгы аныкталган. Инфекциянын жугуу темпи 4 пайызга, ооруканага кайрылгандар 22 пайызга, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар 18 пайызга өскөн.

"Казакстандын өкмөт башчысы карантиндик режимдердин сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну күчөтүү менен бирге өлкө аймагында мамлекеттик чек арадан өтүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. 2021-жылдын 1-январына чейин Кытайдан жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн Казакстандын аймагында 72 саат визасыз жүрүү токтотулду", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: